«Барскан менен уруп, бычак сайган». Чүйдө эки кошунанын мушташы өлүм менен аяктады

«Барскан менен уруп, бычак сайган». Чүйдө эки кошунанын мушташы өлүм менен аяктады

Чүй облусунда кошунасын өлтүрүүгө шектелип жаш жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 20-июнда түшкү маал болгон. Студенческое айылынын 64 жаштагы тургуну үйүнүн жанында, көчөдө ичимдик ичип отурган. Ошол учурда көчөдөн өтүп бара жаткан 2006-жылы туулган кошунасы менен айтыша кеткен. Жыйынтыгында экөө мушташа кетип, жаш жигит 64 жаштагы кошунасын барскан менен уруп, эки жолу бычак сайган. Андан кийин ал окуя жеринен качып кеткен. Ал эми кошунасы алган жараатынан улам көз жумган.

Бул фактыга байланыштуу «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары маркумдун 2006-жылы туулган П.Н. аттуу кошунасын кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Шектүү П.Н.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>