Канат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөтСариев: Кыргызстан менен Казакстандын соодасы өсүүдө, бирок чек арадагы көйгөйлөр чечиле элек«Жети-Өгүз» санаторийин реконструкциялоо иштери 2027-жылдын жазында бүтөтКумайык» борборунда мобилдик ветклиника пайда болдуСыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди
Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен мамилесине чекит коюлганын айтты
21.06.2024 | 12:05
Ырчы Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен төрт жыл мурда эки ажырым жолго түшкөнүн айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы элдешүүгө аракет кылышкан.
“Бирок 3 айдан кийин сынганды кайра бүтөй албастыгыбызды түшүндүк. Бул темага байланыштуу бардык суроолордон качам, маек бергени барбайм жана шоулорго катышпай келем. Бирок баары эле “Нурлан каякта?” деп сурай бергендиктен айтууга туура келди”, – дейт Асел Кадырбекова.
Белгилей кетсек, ырчы 2020-жылы жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган. Ал 2018-жылы Нурлан Насипке турмушка чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы