Барскоон – Бедел эл аралык автожолунда эң ири тоннелдердин курулушу башталды

Ысык-Көл облусунда Барскоон – Бедел эл аралык автожолунда өлкө тарыхындагы эң ири жана татаал тоннелдердин курулушуна расмий старт берилди.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, иш-чарага министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.
Белгилей кетсек, 27-августта Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктуна алып барчу автожолдун курулушуна Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда старт берилген.
Курулуп жаткан тоннелдер:
- “Сөөк” ашуусунда – узундугу 5 340 м,
- “Ашуу-Суу” ашуусунда – узундугу 3 840 м.
Бул объекттер Кыргызстандагы эң узун жана техникалык жактан татаал тоннелдер болуп саналат.
Курулуштун мааниси:
- Убакытты үнөмдөйт,
- Жол кыймылынын коопсуздугун арттырат,
- Кыргызстанды аймактык транспорттук-логистикалык түйүн катары чыңдайт.
Долбоор боюнча башка иштер:
- Жолдун жалпы узундугу – болжол менен 150 чакырым,
- Көпүрөлөр, кар көчкүдөн сактоочу галереялар, сел жана таш кулоодон коргоочу тосмолор курулат,
- Жол жүрүүчүлөр үчүн керектүү объекттер каралат.
Учурда:
- 287 адис жана 162 атайын техника тартылган,
- Куруучулар үчүн бардык шарттары бар 4 лагерь салынган.
Бакыт Төрөбаев белгилегендей, курулуш иштери Президент Садыр Жапаровдун түздөн-түз тапшырмасы менен жүргүзүлүп, сапаттын эң жогорку стандарттарына жооп берүүгө тийиш.