Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
«Акыркы кат» спектакли түрк дүйнөсүнүн театр фестивалында башкы сыйлыкка ээ болду
29.09.2025 | 10:08

Казакстандын Актау шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин lll эл аралык театр фестивалында «Акыркы кат» спектакли «Эң мыкты спектакль» деп табылды. Бул тууралуу маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган фестивалга жети өлкөнүн мыкты театрлары катышкан. Бул жолку фестивалдын тематикасы түрк тилдүү элдердин тарыхы болуп саналып, ар бир өлкө тарыхый спектаклдерин көрсөтүшкөн.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Кайрат Иманалиевдин калемине таандык, Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган “Акыркы кат” спектакли менен катышкан. Жыйынтыгында спектакль фестивалдын башкы сыйлыгы болгон тарыхый теманы мыкты сахналаштырганы үчүн “Эң мыкты спектакль” номинациясын жеңип алды.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы