Башка бирөөнүн жерин саткан. Чүй милициясы алдамчылыкка шектүүнү кармады
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан 66 жаштагы А.А. ири көлөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

17-октябрда Аламүдүн РИИБге аял арыз менен кайрылып, А.А.га чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, ушул жылдын 30-майында аталган киши алдоо жолу менен ага «Манас-Ата» конушундагы башка бирөөгө таандык жер тилкесин 28 миң долларга сатып жиберген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Укук коргоо кызматкерлери шектүү катары 66 жаштагы А.А.ны кармап, камакка алышкан. Тергөө уланууда.
Милиция А.А.нын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандарды же тергөөгө жардам бере турган маалыматы бар адамдарды Аламүдүн РИИБге кайрылууга же төмөнкү телефондор аркылуу маалымат берүүгө чакырат: 0312 36-35-27, 0312 36-35-23 же 102 кыска номери.