Башкы пландын автору шаардын борборунда 12 кабаттан бийик үйлөрдү курууну токтотууга чакырды
Бишкек шаарынын уникалдуу көрүнүшүн талкалап жаткан башаламан бийик курулуштарды тез арада токтотуу зарыл. Мындай билдирүүнү Санкт-Петербург Илим-изилдөө институтунун архитектору жана жаңы Башкы планды иштеп чыгуучулардын бири Ирина Гришечкина жасады.
Эксперт учурдагы кырдаалды кескин сындап, аны «инвестициялык ээн баштык» (вакханалия) деп атады.
«Шаарыңарга ансыз да күч келип турганда, аны ого бетер бузуп эмне кыласыңар? Силер уникалдуу 3-4 кабаттуу объекттериңерди жоготуп жатасыңар. Менин оюмча, борбордо орто кабаттуу үйлөр болбошу керек, мен жеке өзүм шаарда 12 кабаттан бийик үйлөрдүн курулушуна деги эле каршымын», — деп билдирди Гришечкина.
Архитектордун пикиринде, бийик үйлөрдү инфраструктурага күч келтирип шаардын бардык жерине кура бербестен, алар үчүн атайын зоналар бөлүнүп берилиши керек.
Эске салсак, буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев ведомство 35–40 кабаттуу имараттарды куруу үчүн ченемдерди иштеп чыгууну аяктап жатканын билдирген. Анын айтымында, жакынкы арада өлкөдө мындай асман тиреген имараттарды тургузууга расмий уруксат берилет.
Министр бийик курулуштарга багыт алууну жердин тартыштыгы жана калктын санынын өсүшү менен түшүндүрүп, «шаарлар мегаполистерге айланышы керектигин» баса белгилеген. Орунтаев бийик үйлөрдөн коркуунун кереги жоктугун, заманбап технологиялар сейсмотуруктуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берерин ишендирген.