Башкы прокурор: 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сом кайтарылды
Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев 2025-жылдагы мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча прокуратура органдарынын ишинин жыйынтыктарын билдирди.
Анын айтымында, отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 24 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталган.
«Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында 12 миң 83 прокурордук чара көрүү актылары киргизилди. 570 кылмыш иши козголуп, сотторго 771 доо арыз жөнөтүлдү», — деди башкы прокурор.
Ошондой эле ал прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгында мамлекеттин пайдасына 34 млрд 827 млн сомдон ашык каражат кайтарылганын белгиледи. Анын ичинен 1 млрд 243 млн сом акчалай, 33 млрд 584 млн сом мүлк түрүндө өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, 6 миң 932 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылып, дагы 3 миң 227 адам Укук бузуулар кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылды. Мамлекеттик бюджетке болжол менен 16 млн сом айып пул түшкөн.
Башкы прокурор белгилегендей, мыйзам бузуулар дээрлик бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарда аныкталган. Алардын эң көбү министрликтерде, ведомстволордо жана алардын аймактык бөлүмдөрүндө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарында катталган.