Башталгыч класстардын мугалимдерине «Алтын Казык» ноутбугу тапшырылды

02.02.2026 | 14:47

Бүгүн, 2-февралда, башталгыч класстардын мугалимдерине 20 миң 286 даана «Алтын Казык» брендиндеги ноутбуктар тапшырылды. Агартуу министрлигинин маалыматында, бул ноутбуктар И. Раззаков атындагы КМТУнун “Технопарк” мекемесинде техникалык талаптарга ылайык чогултулган.

Алар «Алтын Казык» бренди менен чыгарылган ноутбуктардын экинчи партиясы болуп саналат. Ар бир ноутбукта лицензияланган программалар орнотулуп, мугалимдер үчүн зарыл методикалык колдонмолор киргизилген. Программалар автоматтык түрдө жаңыртылып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздалган.

Буга чейин STEM предметтеринин (математика, физика, химия, биология, информатика) мугалимдерине 27 миң 31 даана ноутбук берилген. Кийинки партияларда тарых, география жана кыргыз тили предметинин мугалимдерин камсыздоо пландалууда.

Scroll to Top