КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Ош облустук төрөт стационары 87,9 млн сомго капиталдык оңдоодон өттү
02.02.2026 | 15:23
Бүгүн, 2-февралда, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационары капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Аны оңдоого мамлекеттик бюджеттен 87 млн 900 миң сом бөлүнгөн.
Стационардын төмөнкү бөлүмдөрү толугу менен жаңыланды:
- «Эне жана бала» бөлүмү;
- Операциялык блок;
- Чоңдор жана балдар үчүн жандандыруу бөлүмдөрү;
- Кош бойлуулардын патологиясы бөлүмү;
- Борборлоштурулган стерилизация бөлүмү;
- Клиникалык-диагностикалык лаборатория жана амбулатордук бөлүм.
Мындан тышкары, 3 млн 855,7 миң сомдук борборлоштурулган кислород берүүчү станция ишке киргизилди.
Ош облустук төрөт үйү 1968-жылы ачылган. Бул медициналык мекеме ачылгандан бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом





