Батир ууруларынан кантип сактануу керек? ИИМдин сунуштары

08.06.2022 | 13:31

Жай мезгили ээлери узак убакыт боюу жок болгон батирлерден жана айылдагы үйлөрдөн уурулук жасоого ыңгайлуу жана жеңил экенин кылмышкерлер так билишет. Ушундан улам ИИМ батир уурулардан сактануунун жолдору боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыкты:

Сунуштар төмөндөгүдөй:

– үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз;

– видеокөзөмөл орнотуңуз;

– муляж орнотуу мүмкүн-кылмышкер камеранын туташкандыгын текшербейт;

– эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу түтүктөрүнүн жанында болсо, анда терезеге торлорду орнотуңуз;

– балдарыңызга бейтааныш адамдарга эшикти ачпоого үйрөтүңүз;

– сырттан келгендерди турак жайга киргизбеңиз. Эгерде адам өзүн коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, анын өздүгүн текшериңиз;

– документтерди сураңыз, уюмга чалыңыз.

Эгерде Сиз батир ууруларынын курмандыгы болсоңуз:

– сабырдуу болуңуз, дароо милицияга 102 номерине чалыңыз;

– үйүңүздү текшерип, эмне жоголгонун аныктап, уурдалган буюмдардын тизмесин түзүңүз;

– эгер сиз үйүңүздө кылмышкерге туш болуп калсаңыз, жакындарыңыздын коопсуздугун ойлоп жана өзүңүздүн өмүрүңүздү сактап калуу амалы менен уурулар менен урушпаңыз;

– кол салган адамга көңүл буруп, анын жүзүн эстеп калууга аракет кылыңыз. Бул аны кармоо процессин тездетүүгө жана бардык буюмдарыңызды кайтарып алууга жардам берет.

Мүлкүңүздүн сакталышынын негизги кепилдиктеринин бири-бул сак жана этият болгонуңуз.

Scroll to Top