Баткен: Чек арада жаңжал чыгып, бир адам октон жабыркады

Баткен: Чек арада жаңжал чыгып, бир адам октон жабыркады

Баткен районунун Эки-Таш айылындагы  кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып, ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 2-июнь түнү саат 1:20 чамасында болгон.

«Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Ош — Исфана автожолу менен кетип бараткан Кыргызстандын жаранына бир нече жолу ок чыгарган. Октон 38 жаштагы айдоочу жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жаткырылган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Окуядан кийин эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Учурда абал туруктуу.

Белгилей кетсек, 31-май күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал чыккан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>