Баткен электр тармактар ишканасынын имаратына күн панелдери орнотулду

Энергетика министрлиги тарабынан Баткен электр тармактар ишканасынын имаратынын чатырына жалпы кубаттуулугу 150 кВтты түзгөн заманбап күн панелдери орнотулду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Учурда панелдер 75 кВт электр энергиясын иштеп чыгып, алардын ичинен 35 кВт энергия түздөн-түз ишкананын ички керектөөлөрүнө жумшалууда. Ал эми калган 40 кВт энергия борбордук электр тармагына кошулуп, жалпы системага берилүүдө.
Министрликтин маалыматында, бул демилге мекемелерди туруктуу электр энергия менен камсыздап, ошол эле учурда таза жана коопсуз электр энергия булактарын колдонууну жайылтуу максатында ишке ашырылууда.
Мындан тышкары, Сүлүктү райондук электр тармактары да бул демилгени колдоп, өзүнүн административдик имаратынын чатырына жалпы кубаттуулугу 50 кВт болгон заманбап күн панелдерин орноткон.