Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
ЕАӨК жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
15.08.2025 | 14:50

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды. Алардын арасында:
- Бажы органдарынын товарлардын классификациясы боюнча алдын ала чечимдеринин жыйнагын түзүү эрежелерине байланыштуу токтомду жокко чыгаруу жөнүндө буйрук;
- ЕАЭБ алкагында биржалык сооданы өнүктүрүү программасы;
- 2024-жылдагы трансчек аралык рыноктордогу атаандаштык боюнча ЕЭКтин жылдык отчёту;
- 2024–2026-жылдарга макулдашылган транспорт саясатын ишке ашыруу боюнча «Жол картасына» өзгөртүүлөр;
- 2024-жылга карата бажы алымдарын бөлүштүрүү жөнүндө тескеме;
- ЕАЭБ алкагында дары каражаттары жана медициналык буюмдардын жалпы рыногун өнүктүрүү концепциялары;
- ЕЭК Кеңеши жана Коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди кароого киргизүү жөнүндө чечимдер;
- ЕАӨКнин кийинки жыйынынын убактысы жана орду тууралуу тескеме.
Рубрики: Жаңылыктар