«Бишкек Арена» стадионунун курулушу 90%га аяктадыМаркировкасы жок болгондуктан Казакстандан келген 22 тонна картошка Кыргызстанга киргизилген жокЭки жумалык ок атышууну токтотуу: Тегеран менен Вашингтон эмне тууралуу макулдаштыГрек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык үч балбан Азия чемпиону болдуШерадил Бактыгулов: «Энергетикалык согуш» дүйнөлүк рыноктордун архитектурасына кандай таасирин тийгизүүдө?Бүгүн, 8-апрелде, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлер эскерилди
12.08.2025 | 15:58

11-августта Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн 73809-аскер бөлүгүнүн аймагында 1999-2000-жылдары Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлерге арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара мекенди коргоо үчүн жан аябаган баатырларды эскерүүгө арналган.
Анда курман болгондордун элесине гүл чамбарлар коюлуп, алардын эрдиги даңазаланган. Салтанатка Баткен коогалаңынын ардагерлери катышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар