Баткенде коронавирус менен ооруганына карабай тойдо жүргөн адамга чара көрүлдү

Баткенде коронавирус менен ооруганына карабай тойдо жүргөн адамга чара көрүлдү

Баткенде үйдө өткөрүлүп жаткан тойлор токтотулуп, айып пул салынды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Бүгүн, 30-сентябрда Баткен шаарында жүргүзүлгөн рейдде, үй шартында өткөрүлгөн 2 той аныкталып, 3000 сомдон айып салынып, той ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле коронавирус менен ооруп, тойдо жүргөн жаранга атайын органдар тарабынан тийиштүү чаралар көрүлгөн.

26-28-сентябрь күндөрү жалпы облус боюнча 1036 ишкана, той өткөргөн турак үй жана коомдук жайларга рейд жүрүп, жалпы 193 миң сомго айып салынган.
Анын ичинен үй шартында өткөрүлгөн 11 тойдун ээлерине КР Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 293-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынган.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын «Таштемир Ажы» соода базары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн КР Жоруктар кодексинин 127-1-беренесинин негизинде иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>