Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду
Баткен мамлекеттик университетинен 2 170 студент окуудан чыгарылды — УКМК
06.08.2025 | 11:53

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Баткен мамлекеттик университетинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 2 170 студент окуудан чыгарылды.
Атайын кызмат билим берүү тармагындагы коррупциялык жана мыйзамсыз аракеттерге каршы иштердин алкагында катышуу эрежелеринин жана окуу талаптарынын одоно бузулганын аныктаган.
Окуудан чыгарылган студенттердин саны түзүмдөр боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемеси — 570 студент;
- Кызыл-Кыядагы М.М.Тайиров атындагы гуманитардык-педагогикалык институту — 801 студент;
- Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту — 380 студент;
- Сүлүктү шаарындагы А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык институт — 171 студент;
- БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледж — 234 студент;
- Педагогика жана коммуникация колледжи — 14 студент.
Рубрики: Жаңылыктар