Баткен окуясы боюнча Тажикстандын эки жаранына сот өкүм чыгарды

20.12.2021 | 13:03

Баткен облустук соту Тажикстандын  жарандары Анвар  жана Юсуфга (аты өзгөртүлдү) өкүм чыгарды. Бул боюнча маалымат соттун токтомунда айтылат.

Токтомдогу маалыматтарга караганда, буга чейин райондук сот Анварды күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратып, 280 миң сом айып салган. Юсуф 280 миң сом айып пул төлөп, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, ошондой эле жабырлануучунун пайдасына 8 миллион 7 миң сом материалдык чыгым өндүрүлсүн.

Анвар Тажикстандын жараны . Ал  Лейлек районунда убактылуу жашап турган.  2021-жылдын 29-апрелинде Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясына катышкан деп айыпталууда. Тажик  аскер кызматкерлеринен Калашников автоматын алып, Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылын тоногон.

Ал айылдагы «Бостон» дүкөнүн тоноп, өрттөп жиберген ( 8 млн 700 миң сом зыян келтирген). Ошондой эле жеке үйлөрдү, май куюучу жайларды, дүкөндөрдү, дарыканаларды, тойканаларды, кафелерди, кампаларды, поликлиникаларды, бала бакчаларды, мектептерди, чек ара заставаларын жана башкаларды талап-тоноого, өрттөөгө катышкан.

Сотто айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан жок.

Жыйынтыгында соттук коллегия райондук соттун чечимин өзгөрттү. Анвар менен Юсуф 20 жылга эркинен ажыратылды.

 

Scroll to Top