Эсиңиздердеби тергөө абагынан качкан Тилек? Ал эркиндикке чыкты

Эсиңиздердеби тергөө абагынан качкан Тилек? Ал эркиндикке чыкты

16-декабрда Бишкек шаардык соту уурулук, андан соң Ысык-Ата РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан качып, унаа уурдоо боюнча айыпталган Тилек Акматовдун кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык,  Акматов “уурулук” беренеси боюнча айыпталып жаткан.

Шаардык соттун чечими менен Свердлов райондук сотунун 2021-жылдын 27-октябрындагы өкүмү жокко чыгарылган. Бул кылмыш иши боюнча өндүрүш тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотулуп, Акматов сот залынан бошотулду.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы буга чейин Тилек Акматов 2021-жылдын 10-октябрында саат 07:09 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып кетип, ошол эле күнү ал Бишкектен кармалган, ал учурда унаа уурдоого да үлгүргөн.

Ал ушул жылдын 8-октябрында Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан Ленинское айылындагы үйлөрдүн биринде уурулук кылган деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Акматовдун өзгөчөлүгү: эки ийнинде сегиз бурчтуу жылдыз түрүндөгү татуировкалар тартылган.

Ысык-Ата тергөө абагынан кылмышка шектүү качып кетти (ВИДЕО)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>