Баткен облусунда санитардык талаптарды сактабаган 142 ишканага айып салынды.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиришинче облустагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык район шаар аймактарында тынымсыз текшерүү, түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Анын алкагында 1-майдан тарта жалпы 1364 ишкана текшерилген. Анын ичинен санитардык норманы сактабаган 425 ишканага эскертүү берилип, 142 ишканага айып салынган.