Казакстанда июнь айында 628 адам пневмониядан каза болгон

Казакстанда июнь айында 628 адам пневмониядан каза болгон

Казакстан пневмония дарты менен ооруканага жаткан жана өлгөн кишилердин саны көп болуп жатканына байланыштуу атайын клиникалык протокол кабыл алды.

Ага ылайык, ПЧР тесттин жыйынтыгы кандай гана болбосун, пневмония менен ооругандар COVID-19 менен жабыркагандар сыяктуу эле вируска каршы дарыланат.

«Коронавирус инфекциясы жогорку дем алуу жолдорунан төмөн көздөй жылып кеткенде ПЧР тест дайыма эле вирусту аныктай албайт экен», — деди Есмагамбетова.

Есмагамбетованын айтымында, жарым жылда 1772 киши пневмониядан өлсө, алардын ичинен 628и июнь айында көз жумган.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой соңку жарым жылда 98 миң, анын ичинен июнь айында эле 32 миң киши пневмония менен ооруганын билдирген.

Өпкөсү кагынып ооруканага жаткандардын көбүнүн тестинен коронавирус аныкталган эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>