Баткен шаарында кечки тогуздан, таңкы тогузга чейин алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды. Мындай чечимди кабыл алганын Reporter.kg ′ге аталган шаардын басма сөз кызматы билдирди.
26-октябрь күнү Баткен шаардык кеңештин депутаттары мындай чечимди кабыл алышкан.
Максаты кылмыштардын жана коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу болгон.