А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан 4-эл аралык театр фестивалына катышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Фестиваль 14-ноябрда башталган, 16-ноябрда аяктайт.
Баткен облустук театры фестивалга түркмөн акыны Мазтумкулинин өмүр таржымалы, чыгармачылыгы тууралуу даярдалган “Пырагы” спектакли менен катышат.