Баткенде 10 миң орундуу футбол стадиону курулат
Баткен шаарында 10 миң орундуу футбол стадиону курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Анын курулушун баштоого бүгүн, 26-февралда УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев капсула салды.
Стадиондун жалпы аянты 10 гектарды түзүп, негизги футбол талаасынан тышкары машыгуу үчүн 3 оюн талаа жана 4 кичи футбол аянтча, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр курулат.
Ошондой эле стадиондун аймагында оюнчулар үчүн 100 кишилик жатакана, унаа койгонго 200 орундуу токтотмо жай салынат.
[image_carousel source=”media: 218499,218500,218501,218502″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]