Баткен шаарында 1,5 гектар кара куурай чогултулуп, өрттөлдү.
Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
MAK-2020 операциясынын биринчи этабы аяктады.
«Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте шаарды кыдырып, Кызыл-Жол районундагы БАМ аймагындагы ташталган талаалардан 1,5 га жапайы кара куурай чогултуп, жалпысынан 1 тонна 135 кг жапайы кара куурайды өрттөп жиберишти», — деп жазылат маалыматта.