Баткенде 2 жашар кыз сабалып, ооруканага түштү. Шектүү катары өгөй атасы кармалды

Баткенде 2 жашар кыз сабалып, ооруканага түштү. Шектүү катары өгөй атасы кармалды

Баткенде эки жашар кызды сабоого шектелип өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 7-июнда милицияга облустук ооруканадан аларга эс-учун жоготкон 2 жаштагы кыз түшүп, ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул окуя боюнча апасы менен өгөй атасы кичинекей кыз шал оорусу менен төрөлгөнүн, аны чыгырыкка (ходунокко) отургузуп, бастырууга аракет кылганда жыгылып түшкөнүн айтышкан.

Алгач бул окуя милицияда «кокустук» катары каттоого алынган. Кыздын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн 7-июнда соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек.

11-июнда аталган факт боюнча ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, кыздын туугандары кайра суракка алынган. Ошондо кыздын таенеси милицияга кызды өгөй атасы сабаганын айтып берген. Ага байланыштуу «уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары кыздын 40 жаштагы өгөй атасы Ж.Т. убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>