Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бир айда оор турмушка кабылган 34 кыргызстандык, 14 мигранттын сөөгү келди
12.06.2024 | 10:30
Чет өлкөдө оор кырдаалга туш болгон 34 кыргызстандык мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Алар Венгрия, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Россия, Сауд Арабия, Түркия жана Украинада иштеп жүрүшкөн.
Андан тышкары май айында Иракта соттолгон энелери менен түрмөдө жаткан 2 жашы жете элек кыргызстандык бала жана Туркияда кароосуз калган 1 жашы жете элек алынып келинди.
Чет өлкөдө каза болгон 14 мигранттын сөөгү жеткирилди.
Дипломаттар мекендештерге жардам берүү үчүн май айында 110 кырсык болгон жерге барышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом