Баткен облусунда «CASA-1000» долбоорунун алкагында төрт өлкөнү бириктирген электр линиясынын курулушу башталды. Анда Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистанды бириктирген 1400 чакырымга созулган электр линиясы курулат. 3-апрель күнү капсула салуу аземи болуп ага президент Садыр Жапаров да катышты.