Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалды
Баткенде дайынсыз жоголгон аял асынып алган абалда үйүнөн табылды
04.12.2023 | 15:53
Баткен шаарынын 65 жаштагы тургуну И.Ж. өз үйүнүн мал сарайынан асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматында, аялдын жакындары анын дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылышкан.
“И.Ж. ошол эле күнү өзүнүн үйүндөгү мал сарайда асынып турган абалда табылды. Учурда текшерүү иши жүрүп жатат”, – дейт аймактык милиция.
Маркум бүгүн акыркы сапарга узатылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом