Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Баткенде облус башчысы кылым жашаган апаны майрамы менен куттуктады
07.03.2025 | 12:06
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Көк-Таш айылынын 100 жаштагы тургуну Каратаева Кайрыл ападан кабар алып, 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Кылым жашаган Кайрыл Каратаева 13 баланын апасы, 100дөн ашык небере-чөбөрөсү бар.
Апанын 40 жаштагы уулу Мамасалы Каратаев 2021-жылы апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жарадар болгон аскер кызматкерлерине жардам берип жатып каза болгон.
Облус башчысы баатыр уулду тарбиялаган апага ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук жана узак өмүр каалап, белектерин тапшырган.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом