Баткенде селден улам үйлөрүн таштаган 1500 адам кайтарылды

Баткенде селден улам үйлөрүн таштаган 1500 адам кайтарылды

Баткенде сел сууларын тазалоо иштери  жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-майда саат 23:13 чамасында  Кадамжай районунун тоолорунда жааган жаандын кесепетинен Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүкзар айылындагы №12 Селводзащитанын балансындагы дамбага суу толуп, узундугу 4-5метр аралыктагы дамба бузулуп, Ак-Турпак айыл аймагынын Кайтмас, Өрүкзар жана Торговый айылдарына коркунуч жараткан.

Мындан улам 1500 адам коопсуз жайга чыгарылган.

Жаандын кесепетинен Торговый айылынын жолдорун, Техас кафесинин короолорун жана жол боюндагы  дүкөндөрдү сел суулары баскан.

Учурда суу тартылып, кооптуулук жаралган 1500 жергиликтүү тургун үйлөрүнө кайтышкан.

Учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы айтылат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>