Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Бишкектеги планетарий жайгашкан жер мамлекетке кайтарылды
12.05.2025 | 11:23
Бишкек шаарында Панфилов паркынын жанындагы «Полярная звезда» планетарийи жайгашкан жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жалпы аянты 42 сотых болгон аталган жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.
Тактап айтканда, айрым жогорку кызматтагы адамдар уюштурган коррупциялык схема аркылуу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аталган жерди жеке менчикке өткөрүү боюнча мыйзамсыз токтом чыгарылган.
УКМК бул коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар аныкталганын, ошондой эле көрүлгөн чаралардын натыйжасында сот жер тилкени мамлекетке өткөрүү боюнча чечим чыгарганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар