Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Баткен: Жабыркагандардын 18,8 млн сом насыясы кечилди
02.11.2022 | 12:19
Баткен жана Ош облусунда Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган жарандардын 18 млн 883 миң сом насыясы кечилди. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-октябрга чейин каржы-насыя мекемелерине насыя алган 372 жаран кайрылган. Алардын ичинен 18 млн 883 миң сомдук 268 насыя кечилген, ошондой эле 20 млн 885 миң сомдук 64 насыя реструктуризация болгон.
“Учурда каржы-насыя уюмдары жабыр тарткан карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздарды кароого алууда, банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чечимдер кабыл алынат”, – деп билдирет Улуттук банк.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом