Баткенде Жаңы Достук айылынын курулушу аяктоодо
Баткен облусунда 57 гектар аянтты ээлеген Жаңы Достук айылында 181 турак үй курулуп бүтүү алдында турат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштеринин алкагында көчүрүлгөн Достук айылынын тургундары үчүн Баткен районунун Чет-Булак аймагында жаңы конуш курулууда.
181 үй алты катарга жайгаштырылып, негизги көчөгө асфальт төшөлмөкчү. Ички жолдордун жалпы узундугу 10 чакырымды түзөт. Учурда үйлөрдүн чатырлары жабылып, эшик-терезелери орнотулуп, жылытуу системалары коюлган. Ар бир үйдө үч бөлмө, зал, ашкана жана жуунучу жай каралган. Аймакта электр мамылары орнотулуп, чубалгылар тартылууда.
Мындан сырткары, 275 орундуу мектеп, 100 орундуу бала бакча жана фельдшердик-акушердик пункт куруу үчүн жер иштери жүрүп жатат. Жаңы конушка Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынан да тургундар көчүрүлөрү айтылды.