Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган «Бегемот кыз» кайрадан жол кайгуул кызматкерлерине кармалды
24.09.2025 | 10:32
«Бегемот кыз» деген каймана ат менен белгилүү блогер Алина Жакыпова айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге укук коргоо органдарындагы булак билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-сентябрда, Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери Жакыпованын унаасын Горький менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде токтотушкан. Текшерүү маалында анын жанында тиешелүү документтер жок болуп чыккан. Мындан улам ага айып пул салынып, унаасы айып токтотуучу жайга киргизилген.
Эске салсак, 30-июнга караган түнү Алина Жакыпова мейманканада Жан Воиновдун жубайы менен болгон окуядан кийин мас абалында унаа башкарып баратып, патрулдук кызматкерлерге кармалган. Анда ал бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар