Коргоо министрлигине караштуу Баткен гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары аскерлердин тамагына бөлүнгөн акчаны кымырып алууга айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, аталган кызмат адамдары 2024-жылдын июнь айынан 2025-жылдын февраль айына чейинки мезгилде аскер бөлүктүн өздүк курамына багытталган эт азыктарын толук көлөмдө алып келбестен, бир бөлүгүн акчалай түрдө системдүү түрдө алып жүрүшкөндүгү аныкталган. Мындан улам мамлекеттик бюджетке 2 млн 500 миң сом материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин (ишенип берилген мүлктү кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат адам тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.