Бүгүн, 27-май саат 16:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн Охна сайынан сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Учкун, Бостон, Кара-Кечүү, Больничная, Жоогесек-Коргон тилкелерине баруучу 7 бетон шакекче менен курулган көпүрөнүн айланасындагы кум-шагылдарды агызып кеткен. Сайдын 700 метр жээгин сел суулары жеп, Күлдү, Гараж жана Өндүрүш айылдарында 600 метр ички чарбалык арыктарды, Суу пайдалануучулар ассоциациясына (СПА) караштуу 50 метр сугат каналын кум-шагылга толтурган.
Ошондой эле суу бөлүштүргүч каналды бузуп, 2 га айдоо жерлерин суу каптаган.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы полковник О.Пазылов жетектеген ыкчам топ тартылган.
Кошумча маалымат берилет.