Баткенге Бишкектен учак учпай жатат
Баткенге учактар учпай жатат. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, өткөн жумада пландалган каттамдар болбой, аэропорттон жүргүнчүлөргө себебин түшүндүрүшкөн эмес.
“Кары-картаңдарга, ооругандарга кыйын болду. Бир учак бар экен, ал дагы бузулуп калыптыр. Көпкө чейин учпайт деп жатышат”, – дейт жергиликтүү тургундар.
“Манас” аэропорту так жооп бере алган жок.
“Каттам учпай калганы боюнча бизде расмий билдирүү жок, болор-болбосун дагы айта албайм. Авиакомпаниянын өзүнө кайрылыңыздар”, – дейт аэропорт.
Ички каттамдарды аткарган Tez Jet компаниясынын сайтында бул боюнча эч кандай кабар жок жана көрсөтүлгөн телефон номурларына чалып, байланышууга дагы мүмкүн болбоду.
Bilet.kg компаниясында Раззаков менен Баткен шаарына 9-10-июлга пландалган каттамдар токтотулганын айтышты.
“Бир ай бою каттам болбойт, себеби бизге белгисиз”, – деди алар.
1-июль күнү Раззаковго учкан учак жолдо бузулуп, кайра Бишкекке кайтып келген.
Белгилей кетсек, аталган багыттар боюнча билет баасы 4, 5 миңден 6,5 миң сомго чейин сатылып жаткан.
https://reporter.kg/lejlekke-uchkan-uchaktyn-kyjmyldatkychy-ishten-chygyp-zholdon-kajtyp-kelgen/