Батукаевдин иши боюнча соттук отурумдар УКМКнын имаратында өтөт

Батукаевдин иши боюнча соттук отурумдар УКМКнын имаратында өтөт

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча өтө турган соттук отурумдар эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтөт.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарган.

Маалым болгондой, бул иш боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев19-ноябрда ден соолугуна байланыштуу соттук отурумга келген эмес. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар соттук жараянды УКМКда өткөрүү сунушун берген. Сот прокурорлордун сунушун канааттандыган.

УКМКнын тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар оор кылмыштарга айыпталууда.

Ал 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>