Адылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды«Flydubai менен болгон инцидент Тегеранды айыптоо үчүн пландалган» — Ирандын ТИМиКыргызстан курамасы тарыхта биринчи жолу Ливанды жеңдиКечинде «Ала-Арчадан» кетүү кыйын болууда — жетекчилик маселени чечүүнү убадаладыРоссияда чума оорусу катталганына байланыштуу Кыргызстанда чек ара көзөмөлү күчөтүлдү
Инспекторго баш ийбей, качып кеткен БМВнын айдоочусу айыпка жыгылды
11.05.2025 | 12:44
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна чыгышты.
Мамлекеттик Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө аталган жолдун 124-чакырымында (Боом капчыгайы) «БМВ» үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жаткандыгы үчүн токтотулган. Бирок, айдоочу этибарга албай, инспекторго баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. Унаа ошол эле жолдун 73-чакырымында (Токмок) кармалган.
Айдоочуну Чүй облусунун жол инспекторлору кармашкан. Ылдамдыкты ашырып, кызматкерлерге баш ийбегендиги үчүн ага 25 миң сом айып салынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар