Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Кыргызстандык Асел Байбагышева Эверестти багындырды
11.05.2025 | 21:36
Кыргызстандык альпинист Асел Байбагышева Эверестти багындырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов кабарлады.
Анын айтымында, Асел Байбагышева Эверестке чыккан биринчи кыргызстандык аял болуп калды.
Асел Байбагышева Эверестти багындыруу үчүн 14-апрелде аттанган. Аны тоого чыгууда альпинист Кадыр Сайдилкан коштоп жүрөт.
Эске салсак, Асел Байбагышева Кыргызстандагы Жеңиш, Хан-Теңири, Жел-Айдар чокуларына чыккан. Ал эми 2022-жылы кыргыз альпинисттердин улуттук курамасындагы 6 адам менен биргеликте 8000 метрлик Манаслу чокусун ийгиликтүү багындырган. Дал ушул чокуга Асел Байбагышева кычкылтекти колдонбостон чыккан жападан жалгыз биринчи кыргыз аял катары тарыхта калган.
Рубрики: Жаңылыктар