Жалал-Абад облусундагы «Базар-Коргон суу канал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси менен кызмат адамдары абоненттер төлөгөн акчаларды ич ара бөлүшүп алып жүрүшкөн деген шек менен кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди. коррупциялык схема аныкталды.
Маалыматта айтылгандай, аталган ишкананын директору А.К.Э., башкы инженер С.Ш.З. жана техникалык адис Ж.А.Ж. шаардын авариялык абалда делген суу түтүктөрүн оңдоп, алмаштыруу керек деген шылтоо менен инспекторлордон мыйзамсыз акча чогултуп алып жүрүшкөн.
Андан соң, жасаган кылмышын жашыруу максатында, акча каражаттарын фиктивдүү ыкмаларды колдонуу жолу менен эсептен чыгарып турушкан.
Ыкчам тергөөнүн натыйжасында 21-апрелде аты аталган адамдар кармалып, тергөө абагына киргизилген. Учурда алар тарабынан келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо, тергөө иштери жүрүп жатат.