Базар-Коргондо айдоо жер 117 жаранга үй курууга берилип кеткен. Кылмыш иши козголду

10.12.2025 | 12:11

Жалал-Абадддын Базар-Коргон районунда 7 гектардан ашык сугат жер жарандарга турак-жай курууга мыйзамсыз түрдө берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Облустук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын, Акман айыл аймагынын, айылдык кеңештин, ошондой эле жергиликтүү архитектура жана мамлекеттик каттоо органдарынын жооптуу кызмат адамдары Айгыр-Жал участогундагы айыл чарба багытындагы айдоо жерлерин башкы планга мыйзамсыз киргизишкендиги аныкталды.

Натыйжада 2019–2022-жылдар аралыгында жалпы аянты 7,18 га сугат айдоо жерлери 117 жаранга мыйзамсыз түрдө турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген. Аталган жерлер жалпы 67,9 млн сомго бааланат.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top