Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Базар-Коргондо кубаттуулугу 200 МВт күн электр станциясын куруу пландалууда
29.11.2023 | 09:02
Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев венгриялык инвесторлор менен жолугуп, Базар-Коргон районуна кубаттуулугу 200 МВт болгон күн электр станциясын куруу боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Күн станциясын райондун Акман, Бешик-Жон жана Базар-Коргон шаарында куруу пландалган. Ага аталган аймактардан 450 гектар жер бөлүнөт.
“Ыйгарым укуктуу өкүл облуста электр энергиясын өндүрүүгө кызыккан инвесторлор үчүн ири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Күн электр станциясын куруу да облустагы алгачкы артыкчылыктуу долбоорун айтып, керектүү жардамдар көрсөтүлөөрүн кошумчалады”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом