Мамлекеттик бажы кызматы 6 ай ичинде өлкө бюджетине 101 миллион 200 миң сом түшкөнүн билдирди.
- 4 миллион 300 миң сому айып санкциялары боюнча;
- 65 миллион 400 миң сом бажы төлөмдөрүнүн эсебинен;
- 31 миллион 500 миң сом мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын эсебинен өндүрүлгөн.
Жалпысынан 6 ай ичинде контрабанда жана бажы эрежелерин бузган 743 факты каттоого алынган.
Анын 623ү бузуулардын бирдиктүү реестрине, 120сы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.