Бажы кызматынын башчысы «Манас» ордени менен сыйланды

Бажы кызматынын башчысы «Манас» ордени менен сыйланды

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Сакен Исабеков III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Финансы министрлигинин мурунку башчылары, эл аралык финансы институттарынын жана уюмдарынын өкүлдөрү, эмгек сиңирген финансисттер, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ардагерлер жана башкалар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжаларга жетишкендиги жана кесипкөйлүгүн көрсөткөндүгү үчүн бир катар кызматкерлер сыйланды. Анда бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсановго жана бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушевага «Бажы кызматынын генерал-майору» жогорку атайын наамдары ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Элнура Рыскелдиевна бажы кызматында гана эмес, жалпы эле өлкөнүн укук коргоо органдарында «генерал-майор» жогорку атайын наамына ээ болгон биринчи аял болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>