Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду.
Мыйзам ушул жылдын 10-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты арбитраждык териштирүүнүн натыйжалуулугун жана калыстыгын жогорулатууга, ошондой эле тараптардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Мыйзам “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” Мыйзамдын 28-беренесине эгерде бейтарап соттун чечими чыгарылган талаштын тарабы мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме жана ишкана, мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар башка юридикалык жактар болгон учурларда, бейтарап соттордун чечимдерин Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясындагы сотторго даттануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана негиздерди белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Ошондой эле аталган Мыйзамды бейтарап соттордун чечимдерине даттануу тартибин белгилеген 361-берене менен толуктоо каралган.