Бекешев: Курулуш министрлиги Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн сыртындагы кондиционерлерди алып салууну көздөөдө

22.10.2025 | 13:49

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дастан Бекешев Курулуш министрлиги Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн балкондорун иретке келтирип, кондиционерлерди алып салууну көздөп жатканын билдирди.

“Курулуш министрлиги өлкөбүздүн борборун көрктөндүрүүнү чечти. Бул ирет министрлик балкондор менен кондиционерлерди колго алууну көздөөдө. Алардын айтымында, кондиционерлер имараттардын көркүн бузууда, ал эми балкондор ар түрдүүчө курулган жана айнектелген. Мындан улам алар балкондорду ачып, айнектерди алып салууну, кондиционерлерди демонтаждоону көздөөдө”,- деп билдирди ал.

Бекешев бул идея бир караганда жакшы көрүнөрүн, бирок шаардын көркүн чынында туш келди курулган имараттар бузарын билдирди. Ал Курулуш министрлиги башаламан курулуштарга уруксат берүүнү токтотсо, мындай демилгени колдой тургандыгын айтты.

Scroll to Top