Видео: Бекзат Алмаз уулу Париждеги Олимпиадада шишиген тизеси менен күрөшкөн

Видео: Бекзат Алмаз уулу Париждеги Олимпиадада шишиген тизеси менен күрөшкөн

Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу (57 кг) Париждеги Олимпиада оюндарында шишиген тизеси менен күрөшкөн. Бул тууралуу спорттук журналист Тахир Гафуров билдирди.

Бекзат Алмаз уулу Парижге келгенде тизеси шишип кеткен. Тахир Гафуровдун пикири боюнча, спортчунун организимине Бишкектен бир инфекция кирип кетип, Парижге баргандан кийин климат алмашканынан улам ал өтүшүп кеткен болушу мүмкүн.

Машыктыруучуларда мелдешке башка балбанды чыгарууга убактысы болбогондуктан, беттешке Бекзат Алмаз уулу чыккан. Дарыгерлер бир нече күн бою күнүнө эки маал антибиотик сайып, тизесиндеги суюктукту сордуруп чыгарып турушкан. Анын айынан беттешке чыгарда спортчунун иммунитети түшүп кетип, организми алсырап калган. Ага карабай балбан жигит үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Коло үчүн беттешке чыгып жатканда, дээрлик күчү калбай калган. Жыйынтыгында ал Париждеги Олимпиадада 5-орунду алды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>