Беларусь Кыргызстанды жаңы туристтик багыт катары карайт

Беларусь Кыргызстанды жаңы туристтик багыт катары карайт

Беларусь Кыргыз Республикасын жаңы жана келечектүү туристтик багыттардын бири катары карап жатканы маалымдалды. Бул тууралуу Беларустун туристтик уюмдарынын республикалык союзунун расмий сайтында билдирүү жарыяланды.

Маалыматка ылайык, буга чейин Кыргызстан Беларустун ири туроператорлорунун сунуш портфелине кирген эмес. Бирок акыркы мезгилде профессионалдык чөйрөдө Кыргызстанга болгон кызыгуу жогорулап, туристтик рынокто жаңы мүмкүнчүлүктөр каралууда.

Беларустук туристтик бирикме Кыргыз Республикасына рекламалык жана тааныштыруу максатындагы жолдомолорду даярдап жатат. Бул кадам Кыргызстанды беларустук туристтер үчүн жеткиликтүү жана кызыктуу багыт катары илгерилетүүгө багытталган.

Аталган маалыматта Кыргызстандын кооз жаратылышы Исландиянын, Швейцариянын жана Канаданын пейзаждарына салыштырылып, ак карлуу чокулар, тоо дарыялары, көлдөр, шаркыратмалар, жаңгак токойлору жана байыркы тарыхый жайлар туристтер үчүн өзгөчө кызыгуу жаратары белгиленген.

Ошондой эле, Кыргызстандын эң белгилүү жаратылыш керемети – Ысык-Көл көлү өзгөчө баса белгиленген. Бул көл дүйнөдөгү эң чоң жана тунук тоо көлдөрүнүн бири болуп саналат жана суунун тазалыгы боюнча Байкалдан кийинки экинчи орунда турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>