Беларуссия чек арасын убактылуу жабат. Себеби эмне?

Беларуссия чек арасын убактылуу жабат. Себеби эмне?

Беларуссиянын бийлиги коронавируска байланыштуу 20-декабрдан тарта жер-жерлердеги көзөмөл өткөрүү пункттары аркылуу өлкөдөн чыгууну убактылуу токтото турууну чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Беларуссия өкмөтүнүн токтомунда өзгөчө учурларда чыгууга уруксат берилиши мүмкүн экени белгиленген. Ошондой эле чектөөлөргө дуушар болбогон адамдардын категориялары келтирилген.

Пандемия башталгандан бери Беларуссияда 150 миңден ашуун адам коронавируска чалдыккан, 1200 миңден ашуун адам көз жумган.

Пандемиянын башталышында бийлик катуу карантиндик чектөөлөрдү киргизген эмес, ал эми өлкө президенти Александр Лукашенко адамдарга колду бат-баттан жууп турууга, хоккей ойноого кеңеш берип, коронавируста чоң көйгөй көрбөгөнүн айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>